Пятница, 17 мая

Муфтий кызматтан кетти

0

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматынан баш тартты. Ал өз каалоосу менен арызын жазганын муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы муфтий дайындалганча бул кызматты анын орун басары убактылуу аткарып турат.

Мекеме муфтияттын башкы бухгалтери боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилерин белгиледи.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) муфтияттын башкы бухгалтери мыйзамсыз финансылык иштерден улам кармалганын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз