Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Инвестициялар боюнча агенттигинин директору болду

0

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн кол койду.

Шыкмаматов президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген. Ал эми былтыр өткөн параламенттик шайлоого ал «Бир Бол» партиясынын тизмесинде 1чи болуп турган.

2015-жылы ал «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына шайланып, 2017-жылдан тарта фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекен» партияснан чыгып кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз