Немис өкмөтү айдоочусуз унаалардын айрым аймактарда жол кыймылына кире алуусу үчүн мыйзам долбоорун даярдады.
Германиянын Транспорт министрлигинин билдирүүсүндө, мыйзам долбоорунун Министрлер кеңешинин бекитүүсүнөн кийин Бундестагга жиберилгендиги айтылды.
Каралып жаткан мыйзам долбоорунун «4-даражада толугу менен автоматтык айдоо» үчүн жарактуу экендиги жана бул Германияны айдоочусуз унааларды күнүмдүк колдонууга киргизген биринчи өлкө кылаары маалымдалды.