Пятница, 17 мая

Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазиев аткарат

0

Жоробай ажы Шергазиев муфтийдин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим диний мекеменин уставына жараша кабыл алынган.

«Муфтияттын уставына ылайык, диний башкармалыктын башчысы кандайдыр бир себептер менен кызматынан кетсе, анын милдетин автоматтык түрдө орун басары аткарат деп белгиленген», — деди Атабаев.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин башкы бухгалтерин кармаган. УКМКнын айтуусунда муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаган. Ушул эле күнү Максатбек ажы Токтомушев да УКМК тарабынан кармалган болчу. Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз