Пятница, 17 мая

Максат ажы Токтомушев сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду

0

Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Экс-муфтийдин баш коргоо чарасын тандоо үчүн ал кечээ кечинде сотко алып келинип, түндө саат 1:00 чамасында чечим чыкты. Билдирмеге караганда, Башкы прокуратуранын Ыкчам-издөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын прокурорунун өтүнүчүн сот четке каккан. Ага ылайык, Токтомушев сыртка чыкпоо милдетин алды.

Ал сотко чейинки жана соттук иштер аяктаганга чейин туруктуу жашаган жерин тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз которууга жана башка жакка кетүүгө тыюу салынат. Сотко жана тергөөгө чакырылган учурда белгиленген мөөнөттө келип туруушу шарт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз