Пятница, 3 мая

Шаардык соттун эшигин бузуп кирген жаран кармалды (Видео)

0

Бишкек шаардык сотунун имаратына түн ичинде кирип, соттордун иш бөлмөсун ачкан шектүүнү Ош шаарында кармады. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы шектүү азыр Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Милиция окуяны Жазык кодексинин “Уурулук” деген 200-беренесинин негизинде каттоого алып, келтирилген чыгымды тактап жатат. Мекеме билдиргендей, 10-февралга караган түнү Бишкек шаардык сотунун имаратына кирген адам судьялардын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардагы иш бөлмөлөрүнө кирген.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышканын 10-февралда маалымдаган, бирок бардык иштер ордунда экенин, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө маалымат жок экенин билдирген.

Ага чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз