Воскресенье, 28 апреля

Түрк аскерлери 48 террористти жок кылды (Видео)

0

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, ПКК террористтик уюмуна каршы жасалган «Бүркүт чеңгели-2» операциясында 48 террористтин жок кылынганын, 2 террористтин тирүү колго түшкөнүн, аймак террордук уюмдардан тазаланганын билдирди.

Акар, «Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында 2021-жылдын 10-февралында «Бүркүт чеңгели-2» операциясы башталды. Террористтерге таандык баш калкалоочу жайлар, бункерлер жана ок-дары кампаларынан турган 50дөн ашуун бута алгач абадан жүргүзүлгөн операция менен ийгиликтүү жок кылынды», — деп айтты.

Акар ошондой эле жикчил террордук уюм ПККнын мыкаачылык кол салуусунан 13 жарандын шейит болгонун белгилеп, «Катуу салгылашуудан кийин көзөмөлгө алынган үңкүрдө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө уурдалган 13 жарандын сөөгү табылды. Экспертизанын алгачкы жыйынтыгы бейкүнөө жана куралсыз жарандарыбыздын бири далысынан атылып, берки 12 жараныбыз башынан атылып шейит кеткендиги аныкталды», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз