Вторник, 14 мая

Шаардык сот Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

0

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиевдин жактоочулары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-январда мурдагы өкмөт башчыны 26-мартка чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Белгилей кетсек, Абылгазиев 26-январь күнү сурактан кийин кармалган болчу. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз