Кубанычбек Өмүралиев президенттин катчысы Ибрахим Акар менен жолугушту

0

2021-жылдын 11-февралында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Президенттик Аппаратынын жетекчисинин орун басары, басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы эң жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Бишкек Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасын толук кандуу иштетүү, ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө Өкмөттөр Аралык макулдашуунун Түркия Парламенти тарабынан ратификацияланышына көмөк көрсөткөндүгү үчүн түрк тарабына ыраазычылыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз