Понедельник, 20 мая

ДССУ: COVID-19 менен ооругандар да вакцина сөзсүз алуусу керек

0

COVID-19 менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп коюусу керектигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) илимий кызматкери Сумья Сваминатан айтканын РИА Новости жазды.

«Биз мурда коронавирус менен ооруган же оорубаганыңызга карабай вакцина алып коюу керектигин айтар элек», — деген ал ДССУнун You-Tube каналындагы маекте.

Сумья Сваминатан ооруп айыккандардын көбүндө иммунитет пайда болгондугун, бирок кээ бир адамдарда жетиштүү деңгээлде күчтүү эместигин белгилеген. Кеп эң биринчи иретте инфекцияны билинбей алып жүргөндөр туурасында болуп жаткандыктан, ДССУ өкүлү эмдөөдөн өтүп коюуну сунуштаган.

«Жакшы нерсе иммундук система окшош антиген менен протеинди тааныйт», — деген ал.

Бул эгерде оорулуу айыгып чыккан күндө да, алган вакцина иммунитетке оң таасирин берет деген түшүнүк экендигин айтып берген. Ал эмдөө чоңдорго гана жасаларын белгилеген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз