Пятница, 17 мая

Түркия АКШга каршылык көрсөттү

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркиядагы элчиси Дэвид Саттерфилд, Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, жикчил террордук уюм ПКК тарабынан Гарада шейит кылынган 13 түрк жаранына байланыштуу билдирүүсүнө Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

Тышкы иштер министрлиги, бул тема боюнча билдирүүсүндө, «АКШнын элчиси Саттерфилд биздин министрликке чакырылды жана АКШнын билдирүүсүнө болгон тепкибиз эң күчтүү түрдө билдирилди»,делди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Ирактын Гара аймагында жикчил террордук уюм ПКК тарабынан 13 түрк жаранынын шейит кылынышына байланыштуу билдирүүсүндө, «Эгер Түркиянын жарандары террордук уюм ПККнын колунан каза тапты деген кабар чын болсо, биз бул ишти кескин айыптайбыз», делген.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган кезектеги облустук курултайындагы билдирүүсүндө, ушул билдирүүдөн улам АКШга каршылык көрсөттү.

Эрдоган:«Мындан ары талап-тоноочулук болбойт, эгер биз сиз менен ушул биримдикти дүйнөдө, НАТОдо уланта турган болсок, анда сиз террористтердин жанында болбойсуз. Кана сиз ПКК, ЙПГ же ПЙД менен болгон жок эмес белеңиз. Кадимкидей эле жанында жана артында турсыз» — деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз