Воскресенье, 19 мая

Автокатализаторлорду сатууга тыюу салуу каралууда

0

Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында автокатализаторлорду сатууга тыюу салмакчы.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Мыйзамда айрым учурда кээ бир товарларды сатууга чект коюлары айтылган. Бул жерде абаны зыяндуу заттардан коргогон автокатализаторлор тууралуу сөз болууда.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү автоунаанын 80 пайыздайынын катализатору жок же иштебейт. Өкмөт Бишкекте ыш маселеси өтө курч турганын эскертти.

Мындан тышкары, катализатордогу палладий дүйнөдө дефицит экени кошумчаланды.

«Курамында баалуу металл бар палладийге болгон суроо-талаптын күчөшү жана баасынын өсүшү катализаторлорду унаадан чыгарып же уурдала башташын шарттайт», — деп айтылат негиздемеде.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, чектөөлөрдү экологиялык жана техникалык коопсуздукка жоопкер орган көзөмөлдөшү керек болот. Ал катализатор саткан же сатып алгандарды айыпка жыгуу укугуна ээ.

Айып пулдун көлөмү Эреже бузуулар кодексинин төртүнчү категориясына ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык тараптар үчүн 23 000 сом өлчөмүндө чегерүү каралып жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз