Пятница, 17 мая

Түркиянын чалгын кызматы Өзбекстандан эки гүленчини кармап кетти

0

Түркиянын Улуттук чалгын кызматы (MİT) Өзбекстанда жашырынып жүргөн Фетхуллах Гүлен террористтик уюмунун эки мүчөсүн кармап кетти. Sputnik Türkiye порталынын маалыматына ылайык Гүрбүз Севилай жана Тамер Авжы аттуу эки киши ФЕТОнун мүчөсү делип издөөдө жүрүшкөн.

Түркиянын Улуттук чалгын кызматынын атайын операциясынын натыйжасында кармалып Түркияга жеткирилген бул кишилер, күрт жикчилдердин террористтик топтору болуп эсептелген PKK/KCK-PYD/YPG-SDG уюмдарын курал-жарак менен камсыз кылууга аралашканы айтылууда.

Гүрбүз Севилайдын Кыргызстанда жана Украинада коммерциялык уюмдарды ачканы, түшкөн кирешелерди ФЕТО уюмун каржылоого жумшаганы маалымдалды. Тамер Авжы болсо, жаштарды бул топко тартуу ишине активдүү катышкан деп айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз