Премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралып жатканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.
Марипов Баткенде чек ара маселеси абдан оор экендигине токтолуп мындай деди:
«Өкмөт болгон күч аракетин жумшайт. Чек арада жашаган биздин жарандарыбыздын ар бирин баатыр деп эсептеймин. Ошондуктан биз жарандарыбызга жардам берүү, инфраструктура жана башка маселелерди карап жатабыз. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жагы каралып жатат. Жаңы дайындалган Өмүрбек Суваналиев дагы бир топ сунуштарын даярдоодо. Ал боюнча пикир алмаштык. Жакын арада бул маселелерди чече баштайбыз».
Кечээ Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.