Пятница, 17 мая

Муфтийликке талапкерлерди каттоо башталды

0

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине (муфтий) талапкерлер 17-февралдан тартып, 17-мартка чейин катталат. Бул тууралуу муфтияттын сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна талапкерлерди каттоо боюнча «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлүп, токтом менен бекитилди. Токтомго ылайык 5-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өтөт.

Муфтияттын каржылык ишмердүүлүгүнө байланыштуу териштирүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жүрүп жатат.

Эскерте кетек, 12-февралда УКМК тарабынан муфтияттын башкы эсепчиси зыяратчылардын акчасын насыяга берип турган жана андан ай сайын пайыз алып турган деп айыпталып кармалган. Ошол эле күнү мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев да бул ишке тиешеси бар деп кармалып, кийин өлкөдөн чыкпоо тил каты менен кайра бошотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз