Америкалык ракета, спутник жана космос кемесин чыгаруучу SpaceX компаниясы Starlink интернет спутник тармагына кирген дагы 60 байланыш спутнигин космоско учурду.
«Space.com» веб-сайтындагы жаңылыктарга караганда, 60 жаңы байланыш спутниги (SpaceX) Falcon 9 ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп космостук станциясынан учурулду.
Кайрадан колдонууга жараган Falcon-9 ракетасы учурулгандан 9 мүнөттөн кийин Жерге кайтып келди, бирок компаниянын Атлантика океанындагы платформасына коно алган жок.
Компания муну менен бирге Starlink долбоорунун алкагында 19-учуруусун ишке ашырды.
SpaceX компаниясы Starlink спутниктери менен жердин орбитасында 12 миң спутниктин тармагын түзүүнү пландаштырууда. Долбоордун 2027-жылы аякташы күтүлүүдө.