Воскресенье, 19 мая

Согушчандар Нигериянын окуу жайынан 30 кишини уурдап кетти

0

Нигериянын Кагара районунда куралдуу согушчандар тобу мектеп-интернатка кол салды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча 26 окуучу жана 4 окутуучу уурдалып кеткен.

Кагара районунун Мамлекеттик илимий колледжинин кызматкери Абубакар Баба Умардын айтуусунда белгисиз адамдар окуу жайга эрте менен кирип барган.

Окуучулардын көпчүлүк бөлүгү качып кетүүгө үлгүргөн. Окуя болгон жерде полиция жана аскердик топтор иш алып барууда.

Күбөлөрдүн бири Мухаммад Абдуллахинин айтуусунда согушчандар аскер формасында болуп, кол салуу маалында күч колдонушкан. Абдуллахи уурдалгандардын тез арада куткарылуусуна үмүттөнөөрүн айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз