Суббота, 18 мая

Өзбекстан Орусиянын “Спутник V” вакцинасын жактырды

0

Орусиянын коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасы клиникалык сыноонун 3-этабынын жыйынтыгынан кийин Өзбекстанда массалык колдонууга уруксат берилди жана бекитилди.

Бул тууралуу коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча Республикалык атайын комиссиянын отурумунда маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай учурда Өзбекстан 1 миллион доза вакцина сатып алууга камданууда.

Буга чейинки кабарларга караганда, Өзбекстанда жылдын аягына чейин 4 млн. эмдөөгө муктаж жарандарды биринчи кезекте эмдөөдөн өткөзүүнү көздөп жатышкандыгы айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз