Орусиянын президенти Владимир Путин парламенттеги саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда, өлкөсүндө күзүндө боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.
Бардык саясий партиялардын шайлоого кийлигишүүгө жол бербөөгө макул экендигин белгилеген Путин: «Биз бул шайлоону ар кандай чет элдик кийлигишүү аракеттеринен коргоого милдеттүүбүз. Орусиянын эгемендигине карата кандайдыр бир сокку урууга жол бере албайбыз жана жол бербейбиз» — деди.
Экинчи жагынан Путин, колдонуучулардын ар кандай платформаларга кирүүсүн чектеген IT компаниялардын иш-аракеттеринин олуттуу коркунуч жараткандыгын белгилеп, бул компаниялардын АКШда дагы ушундай эле аракеттерди жасаарын эскертти.
Орусиянын лидери Путин: «Эгерде бул компаниялар өз өлкөлөрүндө ушундай мамиле кылышса, анда өздөрүн артыкчылыктуу көрүп башкаларга кандай мамиле жасашат? Бул олуттуу көйгөй. Албетте бул жөнүндө алдын ала ойлонушубуз керек» — деди.
Орус оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда камакка алынгандан кийин оппозициячылдар социалдык тармактарда уруксатсыз нааразычылык акциясын уюштурган. Полициянын кийлигишүүсү менен үгүттөргө жол берилбеген соң оппозициячылдар өлкөдө 19-сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдана тургандарын жарыялаган болчу.