Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 70 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 73 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 1 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 418 бейтап, амбулатордук түрдө 360 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 4 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 201 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 132 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 525 киши айыгып чыкса, 1 миң 447 адам каза болду.