Пятница, 18 октября

Камчыбек Ташиев бүгүн Германиядан учуп келип эле дароо Баткенге барат

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Германиядан Бишкекке учуп келип, Баткенге жөнөйт. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазган.

Соңку күндөрү Баткен районунда, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Тажикстан, Өзбекстанга чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган. Өкмөт үйүнүн жанында 15-16-февралда чек ара маселесине байланыштуу акция өткөн. Анда чогулгандар өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышты.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ташиев чет жакка доктурдун сунушу боюнча барууга мажбур болуп жатканын билдирип, 6-февралда жөнөп кеткен.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз