Воскресенье, 19 мая

Ош МУга Каныбек Исаковдун ысмын ыйгаруу сунушталууда

0

Бүгүн, 18-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында Ош Мамлекеттик университетине мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун ысмын ыйгаруу сунушталды.

Эске салсак, 51 жаштагы Каныбек Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмониядан кайтыш болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз