Суббота, 20 апреля

Бишкекте Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты

0

Бишкек шаарында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалышына нааразы болгон топтун митинги өтүп жатат.

Митинг УКМКнын жанында, скверде өтүүдө. Ал жерде 70ке жакын адам топтолгон. Матраимовдун тарапташтары «Матраимов качкан жок», «Матраимовдой ким акча жеди?» деген дагы бир катар жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кайра кармалган болчу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз