Суббота, 20 апреля

Садыр Жапаров: Чек ара маселеси каралбай койбойт

0

Президент Садыр Жапаров чек ара маселеси чечилбей калбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу президент өзүнүн телеграммдагы баракчасына жазды.

«Чек ара маселеси чечилбей, каралбай койбойт. Элдин негизги көйгөйлөрү да акырындап, кудай буюрса чечилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда 2021-жылы чек аранын 150 чакырымына зым тартуу пландалып жатканын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз