Пятница, 26 апреля

“Түркиянын стипендиялары” программасына каттоо 20-февралда бүтөт

0

Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын (YTB) жарыялаган  “Түркиянын стипендиялары” программасына катталуу эртең, 20-февралда аяктайт.

Эскерте кетсек, программага катышууну каалагандар онлайн режимде каттала алат.

Абитуриенттер Түркияда алгачкы жылы түрк тилин үйрөнгөндөн кийин жетишкендиктерине жараша университеттерге жайгаштырылат. Бакалавр, магистратура,  докторантура жана илимий изилдөөлөргө берилген Түркия стипендияларына,  студенттердин жатакана жана тамак-аш муктаждыктары менен ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар кирет. Стипендия алуучуларга Түркияда жүргөндө медициналык камсыздандыруу да жасалат. Окуучулардын Түркияга алгачкы келүү учак билеттери менен окууну бүтүргөндөн кийин өлкөсүнө кайтуу учак билеттери да YTB  тарабынан камсыздалат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз