Суббота, 20 апреля

Сутка ичинде коронавирус 59 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 59 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 22, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда — 8, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда — 9 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 391 бейтап, амбулатордук түрдө 358 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 4 миң 147 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 690 киши айыгып чыкса, 1 миң 452 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз