Пятница, 19 апреля

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Клара Самат дайындалды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат 2018-жылы май айында «Ата Мекен» партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген. Ошол учурда анын орус жарандыгы болушу мүмкүн экенин айткан «Карек» коомдук бирикмеси бул маселени тактоону Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүнгөн. БШК «кош жарандык тууралуу маалымат кылдат текшерилгенден кийин гана мандат берилгенин» билдирген болчу.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимден ыдык көргөнүн жарыялап, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон.

2021-жылы январь айынын башында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылган. Элчи кызматына дайындалган Клара Самат эми депутаттык мандатын тапшырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз