Четверг, 9 мая

Украина Орусияга каршы санкция талап кылаарын жарыялады

0

Украина Орусиянын Крымдагы адам укуктарын бузгандыгына каршы Европа Биримдигинен жаңы санкцияларды талап кыларын жарыялады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын Крымда адам укуктарын бузгандыгына байланыштуу Европа Биримдигинен санкция салууну талап кылышарын айтып, бул тууралуу документтерге кыска убакытта кол койорун белгиледи. «Европа Биримдигине бул талабыбызды кайрадан билдиребиз»,- деди Кулеба.

Крымдагы адам укуктарын бузганына байланыштуу өткөн жылы да Европа Биримдигинен Орусияга санкция салынышын талап кылышкандарын эске салган Кулеба  бул маселе боюнча катуу турушарын белгиледи.

17 —  февралда Крымда Орусиянын коопсуздук күчтөрү бир группа Крым татар түркүнүн үйүн тинтип, 6 кишини камоого алган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз