Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСCУ) коронавирустун эпидемиясынын жаңы түрү 2022-жылдын башында аяктай турганын жана эң начар сценарий артта калганын жарыялады.
Даниянын мамлекеттик телерадиокомпаниясы DRга маек берген, ДССУнун Европа боюнча аймактык директору Др. Ханс Клюге 2021-жылдын дагы Ковид-19 жылы болоорун, бирок 2020-жылга караганда этият жана башкарууга боло тургандыгын баса белгиледи.
Клюге эң начар сценарий артта калганын, вирус алгач жайыла баштаган 2020-жылга салыштырмалуу вирус жөнүндө көбүрөөк маалымат бар экендигин билдирди.
Ковид-19 эпидемиясынын кантип башталганын эч ким мурдатан биле албастыгын баса белгилеп, өзүнүн болжолун түшүндүргөн Клюге: «Менин оюмча, эпидемия 2022-жылдын башында токтойт»,- деди.
Клюге: «Бул вирус бойдон кала берет, бирок чектөөлөрдүн кереги жок деп ойлойм. Бул оптимисттик билдирүү»,-деп айтты.
Ковид-19 мутациясын талкуулаган Клюге, мутациялар кадыресе көрүнүш экендигин жана вирус жуккан адамга ыңгайлашууга аракет кылып жатканын, бирок мутациялардын тез жайылышы аларды тынчсыздандырганын түшүндүрдү.
Клюге, Ковид-19дун мутацияга учураган түрлөрүнүн ылдамдыгына байланыштуу тезирээк жайылып кетишинин натыйжасында Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакциналардын канчалык эффективдүү экендиктерин кылдаттык менен көзөмөлдөп жатышкандыгын, керек болсо вакциналарды жаңы мутацияларга ылайык уюштурууга болоорун жана мутацияларга каршы вакциналарды кайра өндүрүүнүн кажети жок экендигин айтты.