Вторник, 21 мая

Орусия жана БАЭ биргеликте жүргүнчү учагын чыгарат

0

Орусия менен Бириккен Арап Эмираттары суперсоник тактап айтканда үндөн да ылдам кыймыл жасаган жүргүнчү учагын чыгаруу үчүн биргелешкен фирма курат.

Спутник басма соз кызматынын кабарына караганда билдирүү Орусия өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдон келди.

Мантуров биргелешкен фирмада Бириккен Арап Эмираттары тарабынан өлкөнүн байлык фондунун, Орусия тарабынан  өкмөттүн көзөмөлүндөгү Бириккен учак фирмасынын орун аларын айтты.

Мантуров тараптардын жаңы фирма акцияларынын кандай бөлүшүлөрү белгисиз экендигин билдирди.

Орус министри өзгөчө учактын эмнеге окшой тургандыгы бул жылдын акырына чейин белгилүү болушу күтүлүп жаткандыгын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018 —  жылы январь айындагы бир билдирүүсүндө орус бомбалоочу учак Ту  — 160 база катары алынып суперсоник жүргүнчү учагын чыгаруу сунушун күн тартибине алып келген.

Бир тараптан орус мамлекеттик коргоо өнөр жай фирмасы Ростехтин төрагасы Сергей Чемезов азырынча суперсоник жүргүнчү учагын Орусияда чыгаруунун пландалып жаткандыгын, Бириккен Арап Эмираттарынын болсо долбоорго жардамчы катары катыша аларын белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз