Понедельник, 29 апреля

Сутка ичинде коронавирус 72 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 72 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 17, Чүй облусунда – 47, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 2 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 383 бейтап, амбулатордук түрдө 341 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 158 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 1 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 879 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз