Суббота, 27 апреля

Кыргызстан Орусиянын «Спутник V» вакцинасын каттады

0

Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанда коронавируска каршы каражат катары катталды.

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти «Спутник V» вакцинасын коронавируска каршы каражат катары каттады.

«Вакцинанын катталышы — коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүүнү тездетет» — деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдараак коронавируска каршы эмдөө элдин каалоосу менен жүргүзүлө турганын билдирген.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайыла тургандыгы кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз