Среда, 24 апреля

Францияда курулуп жаткан Эюп Султан мечитин талкалап кетишти

0

Франциянын Страсбург шаарындагы курулуп жаткан Эюп Султан мечитин талкалап кетишти.

Бул тууралуу  Франциянын “Ислам Коомунун Улуттук Багыты” (IGMG) уюму социалдык тармактарда жарыялады.

Мечиттин дубалдарында “Ислам жок, өз өлкөңөргө кайткыла” деген жазууну калтырышкан.

Маалыматта бул окуя бүгүнкү күндөгү Францияда жүргүзүлгөн саясаттын чагылдырылуусу деп айтылат.

Эюп Султан мечитин куруу иши аяктаганда Европадагы эң чоң мечит болот. 3 миң адамга ылайыкталган мечит Осмон архитектурасынын стилинде курулуп, 15 акр жерди ээлейт.  Ошондой эле анын айланасында жыйын залдары, китепкана, медресе, ресторан жана магазиндер курулары пландаштырылган. Мындан сырткары 600 автоунааларды токтотуучу жай жана велосипед коюучу жай куруу да каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз