Орусия Кыргызстанга 5,2 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
«Орусия өкмөтү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 5,2 миллион доллар бөлдү», — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, материалдык-техникалык жана каржылык жардам 2021-2022-жылдарга Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына көрсөтүлөт.