Пятница, 20 сентября

АКШда Гүлен кыймылынын окуу жайларынын лицензиясы кайтарылып алынууда

0

Виржиния штатынын Жогорку окуу жайлар боюнча кеңеши Виржиния эл аралык университетинин (Virginia International University — VIU) лицензиясын кайтарып алуу жөрөлгөсүнүн башталгандыгы тууралуу чечим кабыл алды.
Фетхуллах Гүлендин террордук кыймылынын тарапкерлери тарабынан ачылган бул университет “сапатсыз билим берүү процессин уюштургандыгы” жана “чет элдик жарандарды F1 категориясындагы студенттик виза менен чакыруу аракети” үчүн айыпталууда.
Америкалык эмгек миграциясы борбору өткөн айда начар билим берүү деңгээлиндеги 38 жогорку окуу жайлар тууралуу доклад жарыялаган. Анын катарында VIU да болгон. Бул университеттин окутуучулары менен студенттери бир нече ирет плагиат үчүн да айыпталышкан.
Ага жооп катары Виржиния штатынын Жогорку билим берүү боюнча кеңеши иликтөө иштерин баштап, анын натыйжасында гүленчилердин университетинин лицензиясы кайтарылып алынышы мүмкүн. Кеңештин мүчөлөрү университеттин кызматкерлери менен да жолугушуу өткөрүшкөн.
19-мартта Виржиниянын жогорку билим берүү боюнча Кеңешинде добуш берүү болуп, анда VIUнун лицензиясын кайтарып алуу жөрөлгөсүн баштоо боюнча бир добуштан чечим кабыл алынган.
Университеттин жетекчилигине сындын негизсиздиги боюнча өз жүйөлөрүн айтуу мүмкүнчүлүгү берилген.
Кийинки этаптарда окуу жайдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жабык жыйын болот. Андан соң добуш берүү башталат. Эгер Кеңештин мүчөлөрү кайрадан лицензияны кайтарып алууну колдошсо, анда окуу жай жакында ишмердүүлүгүн токтотот.
Виржиния штатынын жогорку окуу жайлар боюнча Кеңеши мурда бир нече билим берүү түзүмдөрүнүн лицензиясын кайтарып алуу чечимин чыгарган.
Белгилей кетүүчү жагдай, VIUтин окутуучуларынын бири Гүлендин тарапкери — — Мустафа Сарсылмаз болуп саналат, ал Түркиянын сегизинчи президенти Тургут Озалдын өлтүрүлүшүнө шектүү катары издөөгө алынган. Мындан тышкары ал Интерпол тарабынан да издөөдө жүрөт.
Американын Эмгек миграциясы борборунун “сапатсыз жогорку окуу жайлар” тизмесинде Гүлен тарапкерлеринин дагы бир окуу жайы – мурдагы Стамбулдагы “Фатих” университетинин ректору Шериф Али Текилан жетектеген Түндүк Америка Университети (North American University) да бар. Текилан Түркия бийлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз