Пятница, 20 сентября

Орусия газын чет өлкөлөргө рубль менен сатууда

0

Өзгөчө Кытай менен жаратылыш газ соодасынын рубль жана юан менен ишке ашырышарын айткан Круглов: «Бул тармакта иштерибизди аткаруудабыз. Өкмөттүн да колдоосу бар»,- деди.

Орусиянын  “Газпром” компаниясынын  башкаруу кеңешинин төрага орун басары Андрей Круглов жаратылыш газ соодасынын улуттук акча бирдиги менен жасалышына  аракет кылышкандарын билдирди. Круглов Белорусиянын борбор шаары Минскте журналисттерге берген маалыматта Орусия өкмөтүнүн жаратылыш газ соодасынын улуттук акча бирдиги менен жасалышын колдогондугун белгиледи.

Өзгөчө Кытай менен жаратылыш газ соодасынын рубль жана юань менен ишке ашырышарын айткан Круглов: «Бул тармакта иштерибизди аткаруудабыз. Өкмөттүн да колдоосу бар»,- деди.

АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам орус бийлиги экономикада долларды колдонууну азайтууга аракет кылышууда.

Экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин да андан мурда берген маалыматында финансы министрлиги жана Борбордук банктын экономиканын «долларсыздаштырылышы» үчүн түрдүү кадамдарды жасай тургандыгын белгилеген.

Орусиянын Борбордук банкы тарабынан жарыяланган отчетто 2018 —  жылдын экинчи чейрегинде банктын 100 миллиард долларлык резервин юань жана еврого айландыргандыгы белгиленген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз