Вторник, 23 апреля

Бишкекте 27-28-февраль күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт

0

Бишкекте 27-28-февраль күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарманкенин бири Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде, экинчиси Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ал эми үчүнчүсү Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болот.

Анда төмөнкү азык-түлүктөр сатылат:

Уй эти – 390-405 сом;

Жылкы эти — 380-390 сом;

Кой эти — 410 сом;

Тоок эти — 190-200 сом;

Суу май (раст масло) — 118-125 сом;

Жумуртка 10 даана — 85-90 сом;

Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом;

Кумшекер — 56-57 сом;

Күрүч — 55-60 сом;

Алма — 30-50 сом;

Сабиз — 10-12 сом;

Картөшкө — 23-30 сом;

Пияз — 15-16 сом.

Жарманкеге катышууну каалагандар үчүн байланыш номерлери: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз