Пятница, 26 апреля

Максатбек ажы Токтомушев УКМКны айыптады

0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек Токтомушев муфтият боюнча арызды “жалган жалаа” деп атады. 24-февралда ал социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу таратып, УКМКны айыптады:

“Өзү бул иш 2-3 ай мурда эле башталган. Жалган жалаа. Жүз ажынын атынан арыз жаздырышып, “акчабызды ала албай калдык” деген доо менен муфтиятты текшерүүгө кол салышкан. Бул жүз киши ажылыкка бир сом төлөмөк турсун өздөрү бирөө да катталган эмес болуп чыкты. Ушул жалган арыздын негизинде УКМК кызматкерлери соттун чечимин чыгарып, документтерди тинтүү менен алып кетишкен”.

Буга чейин 12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси ажылыктын акчасын жеке кызыкчылыгы үчун пайдаланган деп айыпталып, эки айга камакка алынган.

Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушевди да бул ишке шектүү деп кармап кетишкен.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз