Четверг, 25 апреля

Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЦР-тест берди

0

Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында жана КРнын саламаттык сактоо министри Алмазбек Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А. Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоого 1100 миң ПЦР-тест жабдыктары берилди.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине берилди. Аталган гуманитардык жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз