Пятница, 26 апреля

Сутка ичинде коронавирус 66 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 66 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

“Учурда стационарда 358 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 77 адам оор, 18и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 328 бейтап бар”, — деп айтылат маалыматта.

Бир сутка ичинде коронавирус катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 27;
Чүй облусу — 24;
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу — 6;
Баткен облусу — 1.
Ушуну менен жуктургандардын саны 86 091ге жетти.

COVID-19 илдетинен 3 киши: Бишкекте — 2 жана Ысык-Көлдө — 1 киши көз жумган. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 463 болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз