Четверг, 21 ноября

Түрк дүйнөсү Хожалы кыргынынын курмандыктарын эскерүүдө (Фото, Видео)

0

Бүгүн, мындан 29 жыл мурда Азербайжандын Толуу Карабак аймагындагы Хожалы айылынын тургундары Армян аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн күн. Тагыраагы 26-февраль 1992-жылы, Тоолуу Карабак согушу болуп жаткан учурда, Армениянын куралдуу күчтөрүнө караштуу аскерлер Хожалы айылына кирип барышкан. Куралдуу армян аскерлери 613 азербайжанды өлтүрүшкөн.

Memorial адам укутары уюму жана Адам укутарын байкоо уюмунун (HRW) маалыматына ылайык кыргынды Армениянын куралдуу күчтөрүнүн 366-мотопехоталык взводу ишке ашырган.

Түркиянын YTB уюумунун жетекчиси Абдуллах Эрен, кыргында өлтүрүлгөндөрдүн арасында 106 аял жана 83 жаш бала болгонун, азыркыга чейин Хожалы айылынын 150 тургунунун дайынсыз экенин айтты. Эрен, Хожалы кыргыны жалгыз эле азербайжандардын эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн жана адамзаттын трагедиясы экенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз