Четверг, 18 апреля

СССРдин С-300ү эмне ишке жарайт? (Видео)

0

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында орус өнөктөштөрдүн өлкөбүзгө С-300 зениттик ракеталык комплексин (ЗРК) берээри айтылды. Коомчулукта бул курал Кыргызстандын ишине жарайбы деген суроолор туулууда.

С-300 Зениттик ракеталык комплекси 1975-жылы СССР учурунда чыгарыла баштаган. 1978-жылы суноодон өтүп, 1979-жылы алгачкы жолу СССРдин куралдуу күчтөрүнө берилген.

С-300 ЗРКсынын 15тен ашык түрү бар. Айрымдары тактикалык жана стратегиялык учактарды жок кылса, кээ бири баллистикалык жана канаттуу ракеталарга каршы жасалган. Ошондой эле жапыс буталарды жок кылган ЗРКлар болгондой эле, бийик жана алыс аралыкка жетүүчү С-300 ЗРКлар бар.

С-300 ЗРКсы радиолокациялык борбордон жана ага ылайык саны алтыга чейин жеткен зениттик-ракеталык комплекстен турат.

С-300, комплексте колдонулган ракеталардын өзгөчөлүктөрүнө карап 200 км аралыкка чейинки бутуларды жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Орусия С-300 ЗРКсын Греция, Болгария, Словакия, Иран, Сирия сыяктуу өлкөлөргө берген.

2007-жылдан тарта Орусия С-400 ЗРКсын чыгара баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз