Вторник, 7 мая

Түркия Google, Apple, Facebook, Амазон алптарынын альтернативаларын түзүүнү максат кылууда

0

Түркия Google, Apple, Facebook, Амазон сыяктуу технология алптарынын альтернативаларын  өркүндөтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Президенттиктин Санариптик конверсия кеңсенин башчысы Али Таха Коч билдирди.

TRT Academy журналына берген маегинде Коч, сектордогу технологиялык гигант компаниялардын күчүнө каршы «атамекендик жана улуттук» эквиваленттерди түзүүнү максат кылышкандыгын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» деген сөзүн эске салган Коч: «Мен санарип мааниде ушундай деп айтам: Дүйнө GAFAMдан чоңураак. GAFAM, башкача айтканда Google, Apple, Facebook, Amazon, Microsoft. Google биздин издөө тутумдарыбыздын бардыгын билет. Apple биздин компьютерди да, телефонду дагы билет. Биздин биометрикалык маалыматтар сыяктуу эле биздин манжа издерибизди да билет. Фейсбук бизге кимди жактыраарыбызды жана жактырбаганыбызды, эмне ичип-жегенибизди билет. Амазон кандай соода кылаарыбызды, кандай кинолорду көргөнүбүздү, эмнелерди жактырганыбызды жана эмнелерди жактырбаганыбызды билет. Microsoft биз колдонгон бардык операциялык тутумдарды билет»,-деди.

Бул компаниялар ушунчалык көп маалыматка ээ болуп турганда, эркиндик жана демократия жөнүндө сүйлөшүү бир аз кыйынга турарын баса белгилеген Али Таха Коч: «Бул беш компания сиз жөнүндө көптөгөн мамлекеттер билгенден көбүрөөк билишет. Эгерде бул компаниялар бардык маалыматтарды бири-бири менен бөлүшсө, анда биздин абалыбыз бузулат. Бул жагынан алганда, маалыматтардын коопсуздугу биздин чек аралардын коопсуздугу сыяктуу эле маанилүү жана артыкчылыктуу болуп саналат»,-деп айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз