Пятница, 26 апреля

Садыр Жапаров Казакстанга барат

0

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, бул — Садыр Жапаровдун президент катары чет мамлекетке алгачкы расмий сапары.

Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз