Четверг, 9 мая

Сутка ичинде коронавирус 22 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка коронавирус 22 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 9, Чүй облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусу – 2, Талас облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 31 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 киши каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 251 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 210 киши айыгып чыкса, 1 миң 466 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз