Воскресенье, 19 мая

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 29 партия каттоодон өттү

0

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн жалпы 31 саясий партиядан арыз түшүп, анын 29у каттоодон өттү.

Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында эки партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат бербегенине байланыштуу катталган жок:

«Ата Журт» партиясы ыйгарым өкүлдөрү тууралуу маалыматты берген жок. «Легалайз» партиясы да эч кандай документтерин алып келбеди».

Каттоодон өткөн 29 партиянын тизмеси: «Кыргызстандын жашылдар» партиясы, «Ыйман Нуру», «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Социал демократтар», «Патриот», «Кыргызстандын элдик демократиялык» партиясы, «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Кыргызстан коммунисттер» партиясы, «Ынтымак», «Замандаш», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясы, «Реформа», «Биздин эл», «Ак Бата», «Кыргызстан жаштар прогрессивдүү» партиясы, «Улутман», «Кыргызстан», «Тынчтык» элдик патриоттук партиясы, «Айкөл Кыргызстан», «Республика», «Элдик партия», «Элдик бийлик», «Кыргызстан элдер биримдиги», «Кыргызстан» социалисттик партиясы, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы.

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу бүгүн, 1-мартта түнкү саат 24:00дө аяктайт. Жергиликтүү кеңштерге шайлоо 11-апрелге белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз