Понедельник, 20 мая

Өзбекстан 5 өлкөнүн жарандарына 10 күндүк визасыз саякаттоо мүмкүнчүлүгүн берди

0

Өзбекстанда туризмди өнүктүрүү максатында 5 өлкөнүн жарандарына 10 күндүк визасыз саякаттоо укугу күчүнө кирди.

Президент Шавкат Мирзиев  өткөн айда өлкөдө туризмдин өнүктүрүлүшүнө байланыштуу кол койгон жарлыкка караганда Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман жана Кытайдын жарандары 10 күндүк визасыз саякат менен өлкөгө кире алышат. Бул өлкөлөрдүн жарандарынын бул укуктан пайдалануу үчүн үчүнчү бир өлкөгө жана өз өлкөсүнө кайтуу үчүн алган учак билеттерин көрсөтүүлөрү керек.

Жарлык менен Кытай жарандарынын 7 күн өлкөдө визасыз саякаттоо укугу 10 күнгө чыгарылды.

Өзбекстан өкмөтү мындан мурда туризмди өнүктүрүүгө карата кабыл алган чечимдердин негизинде араларында Түркия да болгон 86 өлкөнүн калкына  1 – 3  айдын арасында өлкөдө визасыз саякаттоо укугун берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз