Пятница, 17 мая

Түркияда карантиндик чектөөлөр жеңилдетиле баштады

0

Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшкө байланыштуу билдирүү жасады.

Эрдогандын 1-марттагы элге кайрылуусунда, коронавирус пандемиясынан улам киргизилген коменданттык саат жана карантин чектөөлөрү өлкөнүн айрым аймактарында алына тургандыгы айтылды.

Бардык шаарлардын 4 тобокелдик топко бөлүнөрүн жана бул категориялардын жума сайын тыкыр карала тургандыгын айткан мамлекет башчы, өнүгүүлөргө жараша чаралардын 2 жума сайын жергиликтүү деңгээлде күчөтүлөрүн же жумшартылаарын жарыялады.

Эрдоган:«9 миллионго жеткен эмдөөлөрдүн саны менен калктын 10 пайыздан ашыгына жеткен Түркия, дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарында орун алды», — деп айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз