Понедельник, 6 мая

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаев тил кат менен абактан бошотулду

0

Кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган Камчыбек Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулду.

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-мартта чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Белгилей кетсек, 17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.

УКМК Камчыбек Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.

11-ноябрда социалдык тармактарда №47 абактын футбол аянтчасында жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган тасма тараган. Андан Камчыбек Көлбаевди да көрүүгө болот. Бул иш-чара 5-ноябрь күнү Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.

Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, «соттолуучуларга тамак берилген» деп түшүндүргөн.

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин Камчыбек Көлбаевди эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары «кара тизмеге» киргизген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз