Пятница, 26 апреля

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жолугушту (Фото)

0

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратанын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий иш сапарда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечеги талкууланды.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады.

Касым-Жомарт Токаев тараптар күн тартибиндеги эки тараптуу бир катар актуалдуу темаларды дыкат талкуулашканын, мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, аймактык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Казакстандын президенти өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров да бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөрүнө, кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык мамилелери мындан дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз